Кыргызстандын мыкты студенттери президенттик стипендия алды. Сүрөттөр

Стипендия 29 университеттин 2019-2020-окуу жылында билим алуу жаатында ийгиликтерди багындырган 70 студентине берилди.
Sputnik

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Кыргызстандын эң мыкты делген 70 студентине президенттик стипендия тапшырды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Стипендия 29 университеттин 2019-2020-окуу жылында билим алуу жаатында ийгиликтерди багындырган 70 студентине берилди.

Мамытов пандемия билим берүү системасына жаңы инновацияларды киргизүүгө түрткү болгонуна токтолду.

"Билим берүү жана илим министрлиги кризиске каршы планды иштеп чыгып, окуу жылын үзгүлтүккө учураткан жок. Аралыктан билим берилди", — деди ал.

Министр: биз билимди сатып жаткан мамлекетпиз
Ошондой эле өлкө башчынын милдетин аткаруучу аралыктан окуу маалында элдин калың катмарын интернет жана тиешелүү жабдуулар менен камсыздоодо кыйынчылыктар жаралганын кошумчалады.

"Бирок биз жолун таптык, атургай кээ бир жерлерде прогресске жетиштик. Бүгүн силердин чогулуп, президенттик стипендия алганыңар тоскоолдуктарга карабай бийиктиктерди багындырганыңардан кабат берет. Бул өтө маанилүү", — деди Мамытов.

Ошондой эле ал учурда замандын талабына жараша билим алып, жаңы, керектүү кесиптерге умтулуу зарылдыгын кошумчалады.