Ишембиге карата аба ырайы

26-декабрга караган түнү республиканын тоолуу аймактарында кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. 26-декабрь, ишемби күнү, өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондордо туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас аймактарында -2…+3, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 0…+5, Ысык-Көлдө +1…+6, Нарын өрөөнүндө -5…-10 градус болот.

Бишкекте жана Ош шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы борбордо +1…+3, Ошто +3…+5 градуска жетет.