Бишкекте Honda Fit менен кагышкан маршрутка оодарылып калды. Сүрөт

Кырсык саат 09:20лар чамасында болуп, жеңил унаанын айдоочусу Тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген.
Sputnik

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Бүгүн эртең менен борбор калаада эл ташыган маршрутка менен Honda Fit үлгүсүндөгү жеңил унаа кагышты. Маалыматты Бишкек кайгуул милициясынын маалымат кызматы тастыктады.

Бишкекте Honda Fit менен кагышкан маршрутка оодарылып калды. Сүрөт

Билдирүүгө ылайык, жол кырсыгы болжол менен саат 09:20лар чамасында Айылчиев жана Куттубаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Натыйжада Honda Fit автоунаасынын айдоочусу Тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген.

Учурда жол кырсыгы катталган жерде милициянын кайгуул кызматкерлери иш алып барууда.