БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Асхат Түлөбердиев коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Билдирмеге караганда, 2017-жылы Бишкек мэриясынын жер ресурстар башкармалыгы, "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын жана мэриянын айрым кызмат адамдары жеке кызыкчылыктарды көздөп, жер тилкесин сатуу боюнча аукционду жеңип алууда үчүнчү жактар менен соодалашканы аныкталган.
24-декабрь күнү жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Асхат Түлөбердиев жана бул ишке шектүү дагы бир адам кармалган.
Аталган факты Жазык кодексинин 309-беренеси ("Коррупция") менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө башталган. Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилгени айтылды.