Билими:
- 1995-1997-жылга чейин Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинде окуган;
- 1997-жылы Борбор Азиядагы Америка университетинин ушул эле факультетине которулган. Андан соң эл аралык жана салыштырма саясат факультетине тапшырып, окуу жайды 2003-жылы бүтүргөн.
Англис, орус, француз тилдерин билет.
Эмгек жолу:
- 2003-2004 — айылдагы аялдардын "Алга" коомдук бирикмесинде программалардын координатору;
- 2004-2005 — БУУнун аялдарды өнүктүрүү фонду, "КРде ВИЧ-СПИД жаатында гендердик маселелерди чечүү үчүн потенциал түзүү" долбоорунда ассистент;
- 2005-2007 — "Аялдардын жерге болгон укугу" долбоору, БУУнун аялдарды өнүктүрүү фондунда коомчулук менен байланышуу адиси;
- 2008-2013 — Habitat for Humanity Kyrgyzstan компаниясында программаларды өнүктүрүү боюнча менеджер;
- 2013-2018 — "Агрардык платформа" коомдук бирикмесинин аткаруучу директору;
- 2018-жылдан бүгүнкү күнгө чейин "Ормон" бренд агенттигинин башкы директору;
- 2020-жылдын 25-декабрынан тарта айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары.
Үй-бүлөлүү, эки баланын энеси.