БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Көркөм муз тебүү боюнча Австрия чемпиону болгон Элес Намазалиеваны КРдин Австрия жана Словакиядагы элчиси Бакыт Жусупов куттуктады. Бул тууралуу жеткинчектин атасы Капар Намазалиев билдирди.
Элчи спортчу кызды ата-энеси менен Венадагы дипломатиялык өкүлчүлүккө чакырып, жеңиши менен куттуктаган. Ал Элеске өзүнүн атынан грамота тапшырып жана белектерди берген.
10-12-декабрь күндөрү өткөн Австрия чемпионатында кыргыз кызы 22 атаандашынын ичинен суурулуп чыгып, баш байгени багындырган.
Элес Намазалиева 9 жашта, көп жылдан бери ата-энеси менен Австриянын Линц шаарында жашайт. Ал 2015-жылдан тарта муз аянтына чыгып, өз өнөрүн өркүндөтө баштаган. Учурда көркөм муз тебүү боюнча Австриянын курама командасынын мүчөсү.
Элес тууралуу жана башка маалыматтарды кененирээк атасы менен болгон маектен окуй аласыздар.