Түлөбаев: УКМК кармаган "Бишкек башкы архитектуранын" жетекчисин иштен алам

Түлөбердиев жер тилкесин сатуу боюнча аукционду жеңип алууда үчүнчү жактар менен соодалашкан деп айыпталууда.
Sputnik

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Коррупцияга айыпталып жаткан "Бишкек башкы архитектура" ишканасынын жетекчиси Асхат Түлөбердиев жумуштан алынат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.

Белгилей кетсек, УКМК кечээ, 24-декабрда, жер тилкесин сатуу боюнча аукционду жеңип алууда үчүнчү жактар менен соодалашкан деп Түлөбердиев жана дагы бир шектүүнү колго түшүргөн.

"Ооба, кызматтан кетирем. Ээлеген ордунан бошотуу тууралуу документ дүйшөмбү же шейшемби күнү даяр болот", — деди мэрдин милдетин аткаруучу.

Аталган факты Жазык кодексинин 309-беренеси ("Коррупция") менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө башталган. Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилгени айтылды.