Дүйнө элин азапка салып... 2020-жылдын жан кейиткен табигый кырсыктары

Sputnik

Вулкандын атылышы, жер титирөө, сел каптоо, жер көчкү жана ири өрттөр узап бараткан жылы жер жүзүндөгү адамдарды кайгыга салды.

1 / 24
Калифорниядагы Сильверадо аймагында тилсиз жоо менен кармашып жүргөн өрт өчүрүүчү
2 / 24
Бразилиянын Белу-Оризонти шаарын каптаган селден кийин дүкөндүн алдын тазалап жаткан киши
3 / 24
Франциянын деңиз жээгиндеги Альп региону, Сен-Мартен-Везюби айылындагы агымы күчтүү суунун кесепети асмандан тартылган
4 / 24
Улуу Британия, Суонедж шаарын каптаган сууну кечип жүргөн киши
5 / 24
Хорватия, Загребе шаарындагы жер титирөөдөн жабыр тарткандар
6 / 24
Австралия. Токойдогу өрттө күйүк алган коала Кенгуру аралындагы жапайы жаратылыш паркынын талаа госпиталында дарыланып жатат
7 / 24
Бразилия токоюндагы өрттү өчүрүү учурунан тартылган кадр
8 / 24
2020-жылдын 21-январында болгон Испаниянын чыгыш жээгиндеги катуу бороон
9 / 24
Хюэ императордук шаары, тынбай жааган жаандын кесепетинен Вьетнамдын борбор калаасы суу астында калды
10 / 24
Италия. Венециянын Сан-Марко аянтын суу каптап, узун көйнөк кийген кыз анын четинен басып баратат
11 / 24
Филиппин. Вонгфонг тайфуну жакында болорун болжоп, жарнамага илинген плакаттарды алып жатышат
12 / 24
Индонезиядагы Левотоло вулканынын атылышы
13 / 24
Филиппиндеги "Молаве" тайфунунан кийин көчөлөрдү суу каптады
14 / 24
Никарагуа. Бильви шаарындагы Йота ураганынан кийин калган таштандыларды өрттөп жатышат
15 / 24
АКШ. "Салли" ураганынын кесепетинен кыйраган үй
16 / 24
Измирдеги жер титирөөдө уранды алдында калган бөбөктү куткаруучулар чыгарып алышты
17 / 24
Афганистан. Парван провинциясын сел каптагандан кийин үйдө калган оокатын ташып бараткан балдар
18 / 24
Гватемала өлкөсүндөгү Пакая вулканынын атылышы
19 / 24
Япония. Кумамото шаарында тынбай жааган жамгырдын айынан сел жүрүп, жер көчүп 52 адам набыт болду
20 / 24
Маврикий өлкөсүндөгү сууга төгүлгөн мунайды тазалап жаткан киши
21 / 24
Грециядагы "Янос" бороонунун кесепети
22 / 24
Бангладеш, Сунамганж шаарында нөшөрлөп жааган жаандан кийин сел жүрүп, кесепети оор болду
23 / 24
Судан. Салмания шаарындагы көчөлөрүн суу каптап, өздөрү жасап алган кайык менен бараткан балдар
24 / 24
Индонезия. Ява аралындагы Семеру вулканынын атылгандан кийинки көрүнүшү