БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын учурунда мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен УКМКнын мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаевдин ишин кайсы орган карап жатканын айтты.
Маалымат жыйында журналисттердин бири Ташиевге "Орозбек Опумбаев менен Кашкар Жунушалиевди издөө иштери жүрүп жатабы, алардын кайсы жакта экени сизге белгилүүбү?" деген суроо узаткан.
"Орозбек Опумбаев менен Кашкар Жунушалиевдин иши Башкы прокуратурада. Булар аскер адамдары болгондуктан, алардын ишин иликтөө жумушу аскердик прокуратурага жүктөлгөн", — деди Ташиев.
Эске салсак, 5-6-октябрдагы элдик толкундоодон кийин ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев кызматын таштап кеткен.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары бул эки адамды таап, аларды жоопко тартууну талап кылышкан.