Жапаровдун экс-жактоочусу президенттик аппараттын соттук реформа бөлүмүн жетектеди

Базарбеков ушул жылдын башында Садыр Жапаровдун жактоочусу болгон. Ноябрда ал Соттор кеңешинин алдындагы дисциплинардык комиссияга мүчө болуп, көп өтпөй жетектеп калды.
Sputnik

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Замирбек Базарбеков президенттин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалды. Аталган жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койгон.

Мамытов жергиликтүү сотторго 9 судьяны дайындап, 11 талапкерди артка кайтарды
Базарбеков 1989-жылдан бери прокуратура, адвокатура органдарында иштеп, азыркыга чейин соттук кызматтарды аркалаган. 2011-жылы ал Сотторду тандоо кеңешин башкарып, коомчулук тарабынан айтылган сын-пикирлерден соң кызматын тапшырган.

Маалым болгондой, Базарбеков ушул жылдын башында Садыр Жапаровдун жактоочусу болгон. Ноябрда ал Соттор кеңешинин алдындагы дисциплинардык комиссияга мүчө болуп, андан кийин  башчысы болуп дайындалган.

Эске салсак, буга чейин Жапаровдун дагы бир жактоочусу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси болуп дайындалган.