Эл кыйналып жатса! Ташиев Атамбаевдин миң кишиге той бергенине нааразы болду

12-декабрда социалдык тармакта ишкер миң кишиге той өткөргөн видеолор тарап, көп өтпөй УКМК териштирүү иштерин баштаган.
Sputnik

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Ишкер Жалил Атамбаевдин дүңгүрөгөн той өткөргөндүгү элдин бетине түкүрүп, шылдың кылганы. Бул тууралуу Камчыбек Ташиев маалымат жыйын учурунда айтты.

Ташиев "өлкө жана жарандар үчүн оор мезгилде Жалил Атамбаев миң киши чакырып, УКМКда иштеген баласынын тоюн өткөргөнүн" сындады.

"Жалил Атамбаев элдин бетине түкүргөндөй эле болду. Ушунчалык бай болсо муктаждарга кол сунуп, акчасын таратпайбы", — деген Ташиев.

Ал кошумчалагандай, ишкердин атайын кызматта иштеген уулуна катаал чечим чыгарылган. Эми ал атасынын айынан бир канча убакыт жумушу боюнча жогорулай албайт.

12-декабрда социалдык тармакта Жалил Атамбаев миң кишиге той өткөрүп, Ош шаарынын мурунку жана азыркы мэри, Жогорку Кеңештин депутаттары жүргөн кадрлар тараган. Үлпөт той боюнча УКМК териштире баштаган. Атамбаевдин УКМКда иштеген уулуна карата кызматтык иликтөө башталып, жыйынтыгы менен жумуштан бошотууга чейинки жаза берилери айтылган.