БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) Токио Олимпиадасына лицензия берилүүчү мелдештердин күнүн бекитти. Маалымат уюмдун расмий сайтына чыкты.
Уюмдун техникалык комиссиясы кабыл алган расписаниеге ылайык, азиялык тандоо мелдеши 9-11-апрель күндөрү Казакстандын Алматы шаарында өтөт.
Белгилей кетсек, бул мелдеш 2020-жылдын март айында Кытайдын Сиань шаарына белгиленген болчу. Коронавирус пандемиясынан улам эл аралык уюм мелдешти Кыргызстанда өткөрүүнү пландаган. Бирок эпидемиологиялык абал курчугандан улам турнир токтотулган.
Учурда герк-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбандар Атабек Азисбеков менен кыздар күрөшүнөн Айсулуу Тыныбековада жолдомо бар. Алар лицензияны 2019-жылы Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында алышкан.
2020-жылга белгиленген Токио Олимпиадасы коронавирус пандемиясына байланыштуу 2021-жылга жылдырылган. Жайкы оюндар 23-июлдан 8-август аралыгында өтөт.