Мамдуманын депутаты башка өлкөлөр менен аба каттамдарын токтотууну сунуштады

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Нидерланддар, Дания, Австралия жана Улуу Британияда коронавирустун жаңы штаммы пайда болгонун айткан. Бул нерсе кайрадан көп мамлекеттерди сестентүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Россиянын Мамлекеттик думасынын депутаты Иван Сухарев өкмөт башчы Михаил Мишустинге коронавирустун жаңы штаммына байланыштуу башка өлкөлөр менен аба каттамдарын кайрадан токтотуп турууну сунуштады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Улуу Британияда пайда болгон коронавирустун жаңы штаммын өлкө аймагына киргизип ийбеш үчүн башка мамлекеттер менен аба каттамын токтотуп турууну сунуштайм. Мындай жол менен мамлекеттеги азыркы оң динамиканы сактап калабыз", — деди депутат.

Эске салсак, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Нидерланддар, Дания, Австралия жана Улуу Британияда коронавирустун жаңы штаммы пайда болгонун айткан. Кийин анын жугуштуулугу 70 пайызга жогору экени кабарланган.