Ташиев Райым Матраимов 2 млрд. сомду кандай жол менен кайтарганын айтты

Матраимов 20-октябрда бажы тармагындагы коррупция боюнча айыпталып, УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Ал эки миллиард сомдук зыянды ноябрдын соңуна чейин толтуруп берүүгө даяр экенин билдирген.
Sputnik

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов убада кылган 2 миллиард сомду толугу менен төлөп берди. Бул тууралуу маалымат жыйын учурунда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

"1,4 миллиард сом накталай акча менен мамлекеттик бюджетке которулду. Ал эми 600 миллион сомдун ордуна бир соода борборун жана тогуз батир берди. Соода борборун мамлекеттин менчигине өткөрөбүз. Сегиз батир УКМКнын кызматкерлерине кызматтык үй катары калтырылат. Ал эми аянты чоң бир батир балдар үйүнө берилет", — деди Ташиев.

Ошондой эле ал Матраимовго карата кылмыш иши токтотулбаганын, мындан ары дагы иликтөө иштери уланарын айтты.

Райым Матраимов убадалаган акчасынын дагы бир бөлүгүн атайын эсепке которду
Эске салсак, Матраимов 20-октябрда бажы тармагындагы коррупция боюнча айыпталып, УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Комитет ал учурдун сүрөттөрүн да жарыялаган болчу.

Кийинчерээк Матраимов мамлекетке келтирилген эки миллиард сомдук зыянды ноябрдын соңуна чейин толтуруп берүүгө даяр экенин билдирип, алгач 80 миллион сом которгону маалымдалган.

Кийин УКМК менен Финансы министрлиги бир нече ирет Матраимов каражаттарды кайтарып берип жатканын айткан.