Франциянын эң чырайлуу бийкечтери. Сулуулук сынагынан 15 сүрөт

Sputnik

Конкурс ушул жекшембиде Франциянын батышындагы Вандея департаментинде өттү. Өлкөнүн эң сулуусу наамы үчүн ар кайсы региондордон 18-24 жаштагы 29 талапкер ат салышкан.

TC Candler версиясы боюнча 2020-жылдагы эң сулуу жүздөр
Иш-чара салтка ылайык декабрда өтүп, жеңүүчүгө титул келерки жыл үчүн ыйгарылат. Бул жолу эпидемиологиялык чектөөлөрдөн улам залда көрүүчүлөр болгон жок. Катышуучулар алгач көйнөкчөн, андан кийин купальникчен басышты.

Быйылкы жылы конкурстун уюшулганына 100 жыл болду. Иш-чара алгачкы ирет 1920-жылы өткөнү менен бул конкурс эсеп боюнча 91-болду. 1922–1926 жана 1941–1946-жылдары жарыш өтпөй калган.

Жүз жылдыкка байланыштуу калыстар тобуна жалаң гана "Франция сулуусу" титулун уткандар чакырылган. Деген менен жеңүүчүнү көрүүчүлөрдүн добуш берүүсү менен аныкташкан.

Эң сулуу айым деп нормандиялык Амандин Пети табылган. Эми ал "Дүйнө сулуусу" жана "Аалам сулуусу" конкурстарында Франциянын намысын коргоп чыгат.

Амандин Пети геронтология тармагында билим алат.

1 / 15
"Франция сулуусу" конкурсунун жеңүүчүсү Амандин Пети
2 / 15
"Өлкөнүн эң сулуусу" наамы үчүн ар кайсы региондордон 18-24 жаштагы 29 талапкер ат салышкан
3 / 15
Конкурстун жеңүүчүсү эми "Дүйнө сулуусу" жана "Аалам сулуусу" сынактарында Франциянын намысын коргоп чыгат
4 / 15
Конкурс ушул жекшембиде Франциянын батышындагы Вандея департаментинде өттү
5 / 15
Сынактын башкы директору жана "Франция сулуусу — 2020" титулунун ээси конкурстун жыйынтыгын чыгаргандан кийин
6 / 15
Быйылкы жылы конкурстун уюшулганына 100 жыл болду. Иш-чара алгачкы ирет 1920-жылы өткөнү менен бул конкурс эсеп боюнча 91-болду. 1922–1926 жана 1941–1946-жылдары жарыш өтпөй калган
7 / 15
100 жылдык мааракеге ылайык, калыстар тобунун мүчөлүгүнө "Франция сулуусу" титулуна ээ болгондор гана чакырылган. Анткен менен жеңүүчүнү аныктоодо көрүүчүлөрдүн дагы добушу эске алынган.
8 / 15
Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу залда көрүүчүлөр болгон эмес
9 / 15
"Франция сулуусу – 2006" менен "Аалам сулуусу – 2016" "Франция сулуусу – 2021" сынагында
10 / 15
Экинчи орунду прованстык Эйприл Бинаюм алды
11 / 15
"Франция сулуусу" сынагын жеңген 28 айым "Франция сулуусу – 2021" сынагында сөз сүйлөштү
12 / 15
Амандин Пети добуш берүүнүн жыйынтыктары жарыяланган учурдагы эмоциясы
13 / 15
Улуттук бьюти иш-чарасы салтка айлангандай декабрь айында өтүп, келерки жылдын сулуусу аныкталат
14 / 15
"Франция сулуусу-2021" сынагынын финалисттери
15 / 15
Амандин Пети геронтология жаатында билим алат