Финпол "Достук" посту аркылуу аткезчилик менен товар ташыгандарга иш козгоду

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы элдик керектөөдөгү товарларды мыйзамсыз ташып кирүү жана ташып чыгуу фактыларын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган тийиштүү иш-чараларды жүргүзгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 24-дек. – Sputnik. Финполиция Бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысына караштуу АБЖО (алдын ала бажы процедураларынын орду) "Достуктун" кызмат адамдарына кылмыш ишин козгоду.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан билдиришкендей, анда иштегендер "Достук" бажы посту аркылуу товарларды контрабандалык жол менен ташып кирүү жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча айыпталып жатышат.

"Буга чейин элдик керектөөдөгү товарларды мыйзамсыз ташып кирүү жана ташып чыгуу фактыларын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү учурунда кызмат адамдарынын катышуусунда товарларды аткезчилик жолу менен ташып кирүү фактылары аныкталган", — деп айтылат маалыматта.

Бул факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Учурда аткезчилердин кызыкчылыктарын колдогон кызмат адамдарынын катыштыгы бардыгын аныктоого, ошондой эле мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган иш-чаралар жүргүзүлүүдө.