БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Екатеринбургдун Китепкана борборунда кыргыз адабиятынын бурчу ачылат. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.
КРдин Башкы консулдугу менен аталган борбордун жетекчилиги эки өлкөнүн жарандарынын ортосундагы маданий, гуманитардык жана маалыматтык байланыштарды өнүктүрүү боюнча кызматташуу келишимине кол коюшту. Чечим Кыргызстан менен Россиянын кайчылаш жылынын алкагында кабыл алынды.
"Келишимде кыргыз адабиятынын бир бурчун ачуу каралган. Бул Екатеринбург шаарында жашаган мекендештер үчүн маалыматтык жана маданий ресурс болуп калмакчы", — деп билдирди Тышкы иштер министрлиги.
Кыргыз адабиятынын бурчунун ачылышы 2021-жылдын башында өтөт.