Жогорку Кеңештин депутаттары 9-январга чейин жумушка чыкпай турган болду

Эл өкүлдөрү 10 күндүн аралыгында аймактарды кыдырып, шайлоочулар менен жолугуша турганын билдиришти.
Sputnik

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары 30-декабрдан 9-январга чейин шайлоочулар менен жолугуу боюнча токтом кабыл алды.

Маянадан баш тарттык деген ЖК депутаттары кайра эле айлык алып жатышат
Парламентарийлер бул күндөрү шайлоочулар менен жолуга турганын айтышты.

Депутат Гүлшат Асылбаева 2019-жылдын бюджетинин аткарылышы бекиле электигин айтып, кийинки шаршембиде кайра жыйынга чогулууну сунуштаганы менен, бирок депутаттар ага макул болгон жок. Тагыраагы, добуш берүүгө келгенде бул сунушта колдогондор аз болуп чыкты.