БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Кыргызстандын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидер-аялдары тобунун онлайн-форматтагы биринчи жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Жыйындын катышуучулары алдында БУУнун башкы катчысынын жардамчысы, Европа жана КМШ өлкөлөрү боюнча БУУӨП аймактык директору Мирьяна Сполярич Эггер жана БУУ баш катчысынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Наталья Герман сөз сүйлөдү.
Ал эми вице-премьер Эльвира Сурабалдиева Борбор Азиянын лидер аялдарынын актуалдуу маселелерди чечүүдөгү күч-аракетин бириктирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
"Кыргызстан аймактагы өлкөлөрдүн лидер-аялдарынын диалогун түзүү демилгесин колдоого алат. Өзгөчө көңүлдү гендердик өнүгүү, үй-бүлөлүк зомбулук, маалыматтар базасын түзүү, аялдар ишкерлиги, постковиддик дүйнөдөгү реабилитация маселелерин чечүүгө буруу керек деп эсептейм. Өзүм тараптан аталган аянтча алкагында жемиштүү иш жүргүзүү үчүн күч-аракетимди жумшоого даярмын", – деди Сурабалдиева.
Жолугушууга Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидер айымдары катышты. Алар: Казакстандын президентине караштуу Аялдар жана үй-бүлөлүк-демографиялык саясат боюнча улуттук комиссиянын төрайымы Лаззат Рамазанова, Тажикстандын өкмөтүнө караштуу Аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча комитетинин төрайымы Хилолбы Курбонзода, Түркмөнстан Парламентинин (Межлис) төрайымы Гульшат Маммедова, Өзбекстан Республикасынын Парламентинин (Олий Мажлис) төрайымы Танзила Нарбаева.
Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар Борбор Азия мамлекеттеринин лидер аялдарынын декларациясына кол коюшту.