Артем Новиков ЕЭК кеңешинин соңку жыйынына катышты. Талкууланган маселелер

Жылдын соңку жыйынында Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2020-жылдагы ишинин оң динамикасы белгиленген. Кезектеги чогулуш 29-январда өтмөй болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Евразиялык экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2020-жылдагы соңку жыйынына катышты. Ал видеоконференция форматында өткөнүн өкмөттөн билдиришти.

12 маселе каралган отурумдун жүрүшүндө ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде эмгектенгендерди пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө келишимдин жоболорун колдонуу боюнча өз ара аракеттенүү тартиби бекитилген. 

Артем Новиков ЕЭК кеңешинин соңку жыйынына катышты. Талкууланган маселелер

Документ ыйгарым укуктуу органдардын пенсияларды дайындоо жана төлөө боюнча өз ара аракетин жана ЕАЭБ өлкөлөрүндө пенсияларды экспорттоонун механизмин жөнгө салууга мүмкүндүк берери айтылат.

Ошондой эле жолугушуунун катышуучулары дары-дармек каражаттарын улуттук процедура боюнча каттоо үчүн өткөөл мезгилин узартуу маселесин талкуулашты.

ЕЭК кеңеши жасалма вискоздук буласы үчүн бажы алымынын ставкасын 1 жылдык мөөнөткө жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды. Көрүлүп жаткан иш-чара ЕАЭБде токулбаган жана гигиена каражаттарын өндүрүүчүлөрдү колдоого багытталган. Ал эми техникалык регламенттер боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды.

Ысык-Көлдө Евразия мамлекеттеринин жалпы диалогу үчүн аянтча түзүлүшү мүмкүн
Мындан тышкары, COVID-19 менен эпидемиологиялык шартта сериялык түрдө өндүрүлгөн продукцияны сертификациялоо боюнча убактылуу чаралар көрүлдү.

Кабыл алынган чечимдин алкагында чектөөлөр мезгилинде продукциялардын ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештиги аралыктан бааланат. Ошол эле учурда кабыл алынган чечимге ылайык, убактылуу чараларды колдонуу менен сертификатталган продукциянын техникалык регламенттерге шайкештигине мамлекеттик көзөмөл күчөтүлөт.

Соңунда Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин кезектеги жыйынын 2021-жылдын 29-январында өткөрүүнү белгилешкен. Ошондой эле ЕАЭБ интеграциясын андан ары өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерди кабыл алышты.

Жылдын жыйынтыктоочу жыйынында Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2020-жылдагы ишинин оң динамикасы айтылды. Белгилей кетсек, ЕАЭБ органдарына 2021-жылы Казакстан төрагалык кылат.