Президенттик шайлоо күнү колл-борборлор ачылат. Байланыш номерлери

Шайлоо күнү кандайдыр бир мыйзам бузууга күбө болуп же юридикалык жардамга муктаж болгон кыргызстандыктар ишеним телефондоруна чалып, маалымат бере алат.
Sputnik

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. 10-январда өтө турган президенттик шайлоодо Бишкек шаарында колл-борборлор иштейт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Ар бир акимчиликтин алдында ачылган колл-борборлорго шаар тургундары материалдык-техникалык камсыздоо жана санитардык эрежелердин бузулушу боюнча маалымат бере алышат.

  • Шаардык ыкчам штаб: 97-91-95 (1065), 0(312) 613935;
  • Биринчи май району: 0(312) 621156;
  • Ленин району: 0(312) 656902, 656903;
  • Октябрь району: 0(312) 576650;
  • Свердлов району: 0(312) 360120.

Ал эми жалпы кыргызстандыктар шайлоо учурунда кандайдыр бир мыйзам бузууга күбө болуп же юридикалык жардамга муктаж болсо, БШКнын 1255 (чалуу акысыз), 0(312) 66 02 40 номерлерине чалып же 0770 66 02 40 WhatsApp номерине жазса болот.