Ош шаардык спорт комитетине жаңы жетекчи дайындалды

Ош шаардык спорт комитетинин жетекчиси кызматына 29 жаштагы Бекдөөлөт Абакиров дайындалды. Аталган кызматты аркалап келген Кылыч Саркарбаев жакында эле камакка алынган.
Sputnik

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Кылыч Саркарбаев Ош шаардык спорт комитетинин жетекчиси кызматынан алынды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин этикасы боюнча Ош шаардык аймактык комиссиясы Саркарбаевди кызматтан алуу боюнча сунуш берген.

Салыкчы Жылдызбек Турганбаев Оштун биринчи вице-мэри болуп дайындалды
Ош мэри Таалайбек Сарыбашов кол койгон буйрукка ылайык, Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп 29 жаштагы Бекдөөлөт Абакиров дайындалган. Ал буга чейин Ош шаарындагы муниципалдык "Жапалак" автоунаа базарынын директору болуп турганы айтылды.

Кылыч Саркарбаев паспортун жасалмалаган жана криминалдык иштерге аралашкан деген кине менен 16-декабрда кармалып, эки айга камакка алынган.

УКМКнын маалыматына караганда, ал "Дженго" каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун лидери Кадыр Досонов менен жакын мамиледе болгон.