Көзү азиз массажист Автандил: окууга өткөндө гана өзүмө келип, алдыга умтулдум

Автандил Кудашев шайыр мүнөз, шайдоот жигит. Көзү көрбөй калгандан кийин укалоочу кесибин аркалап кеткен. Учурда анын бейтаптары колу жеңил адистин атын угуп, өздөрү издеп барып турушат.
Sputnik

Бишкектеги №6 бейтапканада укалоочу болуп иштеген Автандил массаждын бардык түрү боюнча чебер. Бирок ага көбүнчө дарылоо укалоосу талап кылынган бейтаптар кайрылышат. Алардын арасында наристелер да бар.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы көзү азиз укалоочу Автандил Кудашев менен маек даярдап келген.

— Бала чагыңыз тууралуу билеличи?

— Мен 1987-жылы Балыкчы шаарында төрөлгөм. Үч бир туугандын улуусумун. Менден кийин иним жана карындашым бар. Мектепти Балыкчы шаарында аяктадым. Негизи кичинемде чоң аталарымдын колунда көбүрөөк жүрдүм. Ата-энем азыр шаарда. Жашоо шартка байланыштуу мен мектепте окуп жатканда Бишкекке көчүп кетүүгө туура келген.

Көзү азиз массажист Автандил: окууга өткөндө гана өзүмө келип, алдыга умтулдум

— Көзүңүз эмне болуп көрбөй калды эле?

— Башында көзүм жакшы эле көрчү. Бир аз көрүүсү начарлап отуруп, 8-класста окуп жүргөндө туруп-туруп эле көрбөй калдым. Ага чейин жарык улам бүлбүлдөп өчүп бараткандай болгон. Дарыгерлер көзүмдүн дартын көпкө аныктай алышкан жок. Көрбөй калуумдун себебин да тактап биле албадым. "Жаракат алгансың, ошонун кесепети" деп да айтышты. Кийин эки көзүмө тең операция жасалып, ал ийгиликтүү эле болгон. Бирок катуу тумоолоп, көзүмдү бир нерсе каптап калгандай болду. Ошондо дарыгерлер увеит (көздүн кан тамырларына суук тийүү) деген диагноз коюшту. Грипп негизи кайсы органың алсыз болсо, ошого жармашат экен. Азыр да грипп болуп калсам көзүм аябай ооруйт.

— Жакшынакай эле жүрүп көрбөй калган абдан оор болсо керек. Жеткинчек курагыңызда ушундай кырсыкка туш болуптурсуз...

— Албетте, көрүп жүрүп эле көрбөй калуу өтө кыйын. Чын-чынына келгенде абдан оор эле болду. Алгач жалгыз баса албай жанымда дайыма бир киши жүрчү. Үйдөгүлөрдүн жардамы менен кыймылдап калгам. Апам экөөбүздүн барбаган жерибиз калган жок. Шыпаа издеп табыптарга чейин бардык. Бирок ушундайда теңтуштардын колдоосу жакшы экен. Классташ балдарым мени депрессияга алдырган жок. Көзүм көрбөй үйдөн чыкпай калганда балдар келип турушту. Кээде бир жактарга ээрчитип кетишчү. Ошентсе да массаж курсуна барганда гана ушул абалымды толук кабылдадым.

— Кандайча?

— Укалоочу курска окууга баргандан кийин ал жактан жалаң көзү көрбөгөн балдар-кыздарды көрүп өзүмө көнө баштадым окшойт. Мындайча айтканда, ушул кесиптин, окуунун арты менен коомчулукка аралашып кеттим. Өзүмө келип, максат коюп алдыга умтулуу башталды.

Көзү азиз массажист Автандил: окууга өткөндө гана өзүмө келип, алдыга умтулдум

— Укалоочу кесибин каяктан окудуңуз?

— Атамдар шаарга көчүп кеткенде деле мен мектепти аяктаганым менен Балыкчыда болчумун. Ошол 2011-жылы көзүм да начарлап калган. Бир күнү апам мага телефон чалып "балам, Бишкекте "Азиздер жана дүлөйлөр" коому бар экен, барып келбейлиби" деди. Макул болуп шаарга келип, апам экөөбүз коомдун ошол кездеги төрагасы Калыбек Мамбетакуновго жолуктук. Ал менин колумдан эмне келерин, эмнеге шыгым бар экенин сурады. Жөн эле үйдө отурганымды айттым. Ал убакта чынында эмне кыларымды билбей, үйдө отуруп калгам. Ошентип Калыбек Барыктабасович бизге компьютердик жана укалоочу эки жылдык окуу бар экендигин айтып, келип тапшырууга кеңешин берди.

Галкинди таңданткан Барсбектин апасы: уулум Бишкекке бийик үйлөрдү курсам дейт
— Сиз ошондо укалоочу болууну тандап алдыңызбы?

— Ооба. Медакадемиянын алдындагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга арналып атайын ачылган эки жылдык укалоочу факультети бар экен. Мында көзү азиз же кулагы укпагандар гана окуй алышат. Ал жакка тапшыруу үчүн орус тили, биология жана химия сабактарынан жарым жыл даярдандым. Ушул үч сабактын суроолорун алып, атайын үч мугалим жалдадык. Мугалимдер ар бир тема боюнча түшүндүрүп, аны аудиого жаздырып беришет. Мен улам темаларды угуп, ага даярданам. Ошентип кийинки жылы 2012-жылдын август айында келип экзаменден өтүп кеткем. Окуу жалаң орус тилинде өтүлгөндүктөн экзаменге орус тилин да киргизип коюшкан экен.

— Орто мектепти окуп бүткөнсүз да, ээ?

— Ооба, 9-класска чейин жакшы эле окудум. Бирок 9-10-11-класстарды көзүмдүн айынан мектепке бир барып, бир барбай толук окуган жокмун. Бирок 11-класска чейин окуп, аттестат алгам.

Көзү азиз массажист Автандил: окууга өткөндө гана өзүмө келип, алдыга умтулдум

— Жубайыңыз менен кандайча таанышып калдыңыз?

— Келинчегим Мээрим менен кесиптик окуу жайдан таанышканбыз. Өзү Таластын кызы. Мен окууга 2011-жылы тапшыргам, ал 2012-жылы тапшырыптыр. Биз 2014-жылы, ал окуусун бүткөн соң күзүндө баш коштук. Андан бери эки кыздуу болдук. Улуу кызым төрт жарым жашта. Кичүүсү экиде. Мээрим үйлөнгөндөн бери балдар менен үйдө. Колу деле бошобойт. Азыр жумушка жакын жерде батирде турабыз.

— Келинчегиңиз деле кийинчерек көрө албай калыптыр да...

— Ооба, Мээрим 18 жашына чейин татынакай эле көрүп жүргөн экен. Андан кийин баштагы шишик көздүн көрүү нервдерин басып, ошондон улам көрбөй калыптыр. Азыр, кудайга шүгүр, ден соолугу жакшы.

— Эки кызыңыз кичинекей экен. Аларды жалгыз кароо жубайыңызга оор эмеспи. Балдар мындай куракта тынчы жок болот эмеспи, анын үстүнө үйдүн түйшүгү бар дегендей..

— Эми кыйынчылык, албетте, болот. Биз эмес, баарында эле түйшүк болсо керек. Бирок кудай баланы да өзүбүзгө жараша берет экен. Алар да ата-энесинин абалын карап чоңоюшат тура. Улуу кызым биздин көзүбүз болуп калган. Кичүүсүн карап "минтип жатат, тигинтти" деп бизге айтып турат (күлүп).

Көзү азиз массажист Автандил: окууга өткөндө гана өзүмө келип, алдыга умтулдум

— Алар бала болсо да азыр баарын байкап калган турбайбы?

— Мен бизге окшогон көп үй-бүлөнү көрдүм. Алардын балдары да өздөрүнө жараша болуп, шартка ыңгайлашып калат экен. Бир нерсе көтөрүп келе жатсак, кыздарым "качалы, келе жатат" деп калышат. Биз келе жатканда алдыда турган нерселерди да алып коюшат.

Чыңгыз Эсенгул уулунун эгизи Кундуз: экөөбүз тең милиционер болууну самачубуз
— Алгач балалуу болгондо толкундандыңызбы?

— Жаңы сүйүнчүлөгөндө көп деле толкунданган жокмун. Бирок баланы үйгө чыгарып келип колума алганда башкача сезимдерге бөлөндүм. Биринчи кызымда ойлонгон деле эмесмин. Экинчи кызым төрөлөрдө абдан сарсанаа болдум. Себеби кыйынчылыктарды билип калат экенсиң да. Анткени аялым дагы операция жолу менен төрөп, көп кыйналган болчу.

— Азыр 6-бейтапканада укалоочу болуп иштейт экенсиз, жумушка кантип орноштуңуз?

— Окуп жүргөндө бул бейтапканага практикага келчүмүн. Анан окууну бүткөндө жумушка чакырып калышты. 2014-жылы дипломду колго алып эле эртеси ишке кирдим. Башында бейтаптардын үйлөрүнө да барып иштеп жүрдүм. Азыр өздөрү эле издеп келишет.

Көзү азиз массажист Автандил: окууга өткөндө гана өзүмө келип, алдыга умтулдум

— Массаждын кайсы түрүн жасайсыз?

— Мен билим алган окуу жайда укалоонун түрүн үйрөтүшөт. Негизи массаждын спорттук, балдардарга ылайык жана дарылоочу өңдүү түрү көп да. Азыр көбүнчө дарылоочу массаждарды жасайм. Кичинекей балдар да көп келет. Ар кандай дарт менен кайрылышат. Буту чыгып кеткен наристелер, омурткасы кыйшык же кысылып калгандар, грыжа, гипертонус өңдүү ар кандай көйгөйлөр менен келишет. Ар биринин саатын бекитип, жазылуу менен кабыл алабыз. Азыр баш сөөгүнүн басымынан жабыркаган, башында кистасы же суюктук бар балдар көп төрөлүүдө. Ушунун баарына укалоо жасалат.

— Азыр кандай пландарыңыз же кыялыңыз бар?

— Биздин бирден-бир көйгөйүбүз — үй маселеси. Мурда "Азиздер жана дүлөйлөр" коому мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга кезек менен бекер үй берчү. 2014-жылдан бери көп кабаттуу үйлөр салына элек. Азыр бизге окшогон көзү азиздердин көйгөйү да ушул үй маселеси болууда. Анан дагы балдарым коомго тартынбай аралашып кетишин каалайм.