Бишкекте бирөөнү опузалап 380 миң сом талап кылды деп эки жигит кармалды. Сүрөт

Кылмыштуу топ жарандан жалпы сумманын 100 миң сомун алып жатканда колго түшүрүлгөн. Алар Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Sputnik

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Бишкек шаарынын тургунунан 380 миң сом опузалап талап кылган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Маалыматка ылайык, BMW үлгүсүндөгү унаа менен келген шектүүлөр жабырлануучуга өздөрүн Алтынбек жана Роман деп тааныштырып, коркутушкан.

"Шектүүлөр К.В. аттуу жаранга шилтеме берген. Аткени бир аз убакыт мурда жабырлануучу андан акча каражатын карызга алгандыгы белгилүү болгон. Мындан соң кылмышкерлер белгисиз тарапка кетишкен. Бирок телефон аркылуу күч колдонобуз деген опузасын уланткан", — деп жазылат билдирүүдө.

Аталган факты Жазык кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту ("Алдын ала сүйлөшүү аркылуу адамдар тобу тарабынан опузалап талап кылуу") менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Бишкекте бирөөнү опузалап 380 миң сом талап кылды деп эки жигит кармалды. Сүрөт

УКМК менен Бишкек ШИИБ жүргүзгөн атайын операция учурунда 100 000 сом өлчөмүндө акча алуу учурунда кылмыштуу топ кармалган.

Шектүүлөр Түп районунун 28 жаштагы тургуну жана 29 жаштагы Ц.Р. аттуу жаран болгон. Алар Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилгени айтылды.