Жерге коркунуч жараткан үч астероид жакындап келе жатканы айтылды

Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, космос таштары 25-декабрда Жердин жанынан учуп өтөт. Алардын ичинен эң чоңунун диаметри болжол менен 200 метрге жакын.
Sputnik

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. НАСАнын Жерге жакын жайгашкан объектилерин изилдөө борбору планетага үч астероиддин жакындап келе жатканын билдирди. Бул маалыматты РИА Новости жазды.

Жерге 17,4 млрд. долларлык ири астероид жакындап келе жатат
Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, космос таштары 25-декабрда Жердин жанынан учуп өтөт. Алардын ичинен эң чоңу 3 миллион чакырым аралыкта жакындап келе жатат. Анын диаметри болжол менен 200 метрге жакын.

501647 (2014 SD224) деген ат берилген астероид соңку ирет Жерге 2020-жылдын январында жакындап келген. Акыркы жолу ал планетанын жанынан 2021-жылдын декабрында жандай салып өтөт.

НАСА "кооптуулук жараткан" топко 0,05 астрономиялык бирдиктин айланасында жайгашкан, диаметри 140 метрдин тегерегиндеги космостук бардык объектилерди киргизди.