Жалал-Абадда орус эл ырларынын сынагы өттү. Сүрөт

Кыргыз жана орус элинин таланттуу ырчылары катышкан иш-чара Кыргызстан-Россия эриш-аркак жылынын алкагында болду.
Sputnik

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Жалал-Абад облусундагы Барпы атындагы облустук театрдын имаратында "Орус эл ырлары досторду топтойт" деп аталган сынак өттү. Бул иш-чараны Кыргызстан-Россия эриш-аркак жылынын алкагында өткөндүгүн уюштуруучулар билдирди.

Фестивалга вокалдык-хореографиялык "Славяночка" ансамбли, Жалал-Абад филармониясынын солисттери Шахра Темиркулова, Каныбек Казакбаев, Рустам Абдукадыров, Тургүл Темиркулова, Каракөл шаарынан Акматжан Парпибаев катышкан. Булардан сырткары Гнесин атындагы Россиялык музыка академиясынын студенттеринин, эл аралык сынактардын жеңүүчүлөрү — Тимур Кожобеков жана Кундуз Бостонованын арген үндөрү жаңырган.

Иш-чараны Бишкектеги Россиянын Илим жана маданият борборунун Бишкектеги маданий долбоорлорунун куратору Игорь Воронцов алып барган.