Токио Олимпиадасынын бюджети 16 миллиард долларга чукулдады

Олимпиада оюндарын өткөрүүгө 1,64 триллион иен (15,9 миллиард доллар) каражат талап кылынат. Бул сумма буга чейин болжолдонгон чыгашадан 1,35 триллион иенге көп.
Sputnik

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Токио Олимпиадасынын уюштуруу комитети пандемиядан улам 2021-жылга калтырылган спорттук оюндарды өткөрүүгө керектелүүчү каражаттын суммасын коомчулукка жарыялады. Бул тууралуу Киодо агенттигинин маалыматына таянып Р-Спорт жазды. 

Маалыматка ылайык, Токио Олимпиадасын өткөрүүгө 1,64 триллион иен (орточо алганда 15,9 миллиард доллар) каражат талап кылынат.

Бул сумма буга чейин болжолдонгон чыгашадан 1,35 триллион иенге көп.

Эл аралык олимпиада комитети (ЭОК) жана Токио Олимпиадасын уюштуруу тобу март айынын аягында коронавирус пандемиясынан улам жайкы спорттук оюндар 2021-жылга жылдырылганын жарыялаган. Спорттук мелдештер 2021-жылдын 23-июлунан 8-августка чейин өтүшү керек.