Ыйлап Ташиевге кайрылган окуучу кыздын үй-бүлөсүнө жардам берилди. Сүрөт

Шакированын үй-бүлөсүндө беш адам жашап, алар чындыгында эле материалдык жардамга муктаж экендиги аныкталган.
Sputnik

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Кемин районунан УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевге кайрылган 9 жашар кыздын үй-бүлөсүнө материалдык жардам берилип, анын даттануусу боюнча алдын ала текшерүү иштери башталды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Ыйлап Ташиевге кайрылган окуучу кыздын үй-бүлөсүнө жардам берилди. Сүрөт

Эске салсак, Кемин районундагы Жалил Садыков атындагы орто мектепте билим алган 9 жашар кыз апасы аталган мектепте мугалим болуп иштээрин, материалдык жактан кыйналып жатканын, мектеп жетекчилери энесин кордоп жүргөнүн айтып УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевден жардам сураган.

Кайрылуудан улам Ташиевдин тапшырмасы менен УКМК кызматкерлери Кемин шаарчасына барган. Шакированын үй-бүлөсүндө беш адам жашаары, чындыгында эле алар материалдык жардамга муктаж экендиги аныкталган.

"Аталган бүлөгө көмөк көрсөтүү максатында УКМК төрагасы Ташиевдин атынан биринчи иретте зарыл болгон азык-түлүктөр, ал эми балдарга жаңы жылдык белектер менен канцелярдык буюмдар жеткирилди. Жардамга ыраазылыгын билдирген Шакированын үй-бүлөсү маселенин адилеттүү жана объективдүү чечилишине ишенип тургандыктарын билдиришти", — деп маалымат таратты комитет.

Аталган ведомстводон Шакированын кайрылуусу боюнча атайын комиссия түзүлүп, кырдаал иликтенип, жыйынтыгында ага тиешелүү баа берилерин кошумчалашты. 

Ыйлап Ташиевге кайрылган окуучу кыздын үй-бүлөсүнө жардам берилди. Сүрөт

Бул маселе УКМК жетекчисинин жеке көзөмөлүндө болору айтылды.