Курулушу жайында башталган. Мамытов Оштогу жугуштуу илдеттер ооруканасына барды

Тез курулуучу материалдардан курулуп жаткан оорукана жай мезгилинде өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын курчуп кетишине байланыштуу салына баштаган. Бирок куруу иштери эми гана аяктаганы жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 22-декабрда, Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ош шаарында жеңил типте курулуп жаткан жугуштуу илдеттер ооруканасынын жаңы имаратынан кабар алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти. 

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев имараттын курулуш иштери учурда дээрлик аяктаганын маалымдады.

Жүз орундуу жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушунун жалпы баасы 107 миллион сомдон ашык каражатты түзүп, "Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" коомдук фонду аркылуу каржыланган.

Баткенде контейнерден курулган 200 орундуу оорукана иштөөгө даяр. Сүрөттөр
Тез курулуучу материалдардан курулуп жаткан оорукана жай мезгилинде өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын курчуп кетишине байланыштуу салына баштаган.

Талант Мамытов жаңы оорукана коронавирус жана пневмониянын оор түрлөрү менен ооругандарды тейлөө үчүн бардык керектүү жабдуулар менен камсыздалганын белгиледи.

Ал ошондой эле дарыгерлерге тийиштүү шарттарды түзүү менен катар эле калкка сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү мамлекеттин милдети экенин кошумчалаган.

Жолугушуунун аягында Мамытов аталган ооруканага тез жардам унаасынын ачкычын тапшырды.