БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоого саресеп сала турчу 120 эл аралык байкоочуну аккредитациялаганын маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, 21-декабрга карата 23 мамлекеттен жана 15 эл аралык уюмдан байкоочулар келери анык болду.
Алар төмөнкүлөр:
- Кыргызстандагы Ханнс Зайдель фондунун өкүлчүлүгү – 1 байкоочу;
- Шайлоо системаларынын эл аралык өкүлчүлүгү (IFES) – 1 байкоочу;
- Молдова БШКсы – 2 байкоочу;
- КМШ Парламенттер аралык ассамблеясы – 34 байкоочу;
- КМШ миссиясы – 4 байкоочу;
- Азербайжан БШКсы – 1 байкоочу;
- ЕККУнун Демократиялык институт жана адам укуктары бюросу – 34;
- Россия БШКсы – 1;
- К. Аденауэр атындагы фонд – 1;
- Кыргызстандагы Япониянын элчилиги – 2;
- Кыргызстандагы Россиянын элчилиги – 2;
- Кыргызстандагы Монголиянын элчилиги – 1;
- Кыргызстандагы Азербайжандын элчилиги – 2;
- Кыргызстандагы Өзбекстандын элчилиги – 2
- Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешинен – 6.
Кыргызстандын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Бул жарышка 18 талапкер аттанды. Ага кошуп мамлекеттин башкаруу формасын аныктоо боюнча да референдум дайындалган. Кыргызстандыктар бул күнү өлкө президенттик же парламенттик башкарууга өтүшү керектигин аныктайт.