Ошто Тажикстандан 5 кг героин ташып бараткан киши кармалды

Коңшу өлкөдөн ири өлчөмдө ташылып турган баңгизат каналына бөгөт коюлду. Шектүү колго түшүп, анын шериктерин кармоо аракеттери жүрүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Ош облусунда беш килограмм героин алып бараткан киши кармалды. Бул тууралуу ИИМдин баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Тажикстандан ири көлөмдө ташылып турган баңгизат каналы токтотулду.

Ошто Тажикстандан 5 кг героин ташып бараткан киши кармалды
"Ноябрь айынын аягында Ош облусундагы Нариман айылынан 50 жаштагы М.Ш. аттуу жарандын унаасы токтотулуп, текшерилген. Натыйжада Афганистандан чыккан баңгизаты табылган. Унаанын отургучунун астынан уксус ангидриди жыттанган беш брикет алынды", — дешти ИИМден.

Соттук-химиялык экспертиза табылган баңгизат 5 килограмм 178 граммдык героин экенин аныктаган.

Учурда сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп, кылмышка тийиштиги бар башка адамдар дагы изделүүдө.