Ошто коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн акчага мектеп курулуп, ишке берилди

Үч кабаттуу окуу корпусу 24 кабинет, ашкана, медициналык кабинет, мугалимдердин бөлмөсү, китепкана жана окуу залынан турат.
Sputnik

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу, ЖКнын төрагасы Талант Мамытов 22-декабрда Ош шаарындагы Нариман орто мектебинин кошумча корпусунун ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарашты.

2019-жылы курула баштаган имарат коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн каражаттын эсебинен каржыланган. Үч кабаттуу окуу корпусу 24 кабинет, ашкана, медициналык кабинет, мугалимдердин бөлмөсү, китепкана жана окуу залынан турат.

Талант Мамытов буга чейин 1200 балага ылайыкталган мектепте төрт миң окуучу билим алып келгенин белгилеген.

"Жаңы корпус Нариман мектебиндеги окуу орундарынын дефицитин чечти. Тилекке каршы, мындай көйгөй башка мектептерде дагы болуп жатат", — деди Мамытов.

Президенттин милдетин аткаруучу педагогикалык курамды жаңы корпустун ачылышы менен куттуктап өткөн.