Өткөн кылымдын 20-жылы Россияны электрификациялоо боюнча мамлекеттик план кабыл алынып, анын алкагында жасала турган иш-аракеттер Кыргызстанга дагы тиешелүү болгон. Болочоктогу советтик республикаларды электр жарыгы менен камсыз кылуу маселеси 100 жыл мурун көтөрүлүп, алгачкы кадамдар ташталган. Так ошол жылдары Ош, Чүй облусунда ГЭСтер курулуп, бир катар дизелдик электр станциялар өз ишин баштап, 1930-жылдары азыркы КРдин гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүгү изилденген. Жыйынтыгында Нарын дарыясында эле кубаттуу 22 гидроэлектростанция курууга мүмкүн экендигин аныктап чыгышкан.
Союз маалында Токтогул, Күрп-Сай, Үч-Коргон, Шамалды-Сай, Таш-Көмүр, Ат-Башы ГЭСтери, Бишкек жана Ош ЖЭБинин курулуштарына миллиондогон акчалар сарпталып, Кыргыз ССРинде энергетика тармагы болуп көрбөгөндөй өнүккөн. Республика аймагында эң кубаттуу деп саналган Токтогул ГЭСин курууда күн сайын 2500дөй адам эмгектенип, азыркы Токтогул суу сактагычы жайгашкан жерден 18 миң жергиликтүү тургун башка жерге көчүрүлгөн. Азыр ошол эмгекчил энергетиктердин талыкпай жасаган ишинин аркасында ар бир кыргызстандыктын үйү жылуу жана жарык турат.
Республика кантип электрлештирилгендигин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин материалынан окуса болот.