Жуктургандардын саны азайды, бирок каза болгондор дагы деле бар. COVID статистикасы

Акыркы күндөрү Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны азайып калганы айтылууда. Бирок Штаб дагы деле бардык санитардык эрежелерди карманууга чакырат.
Sputnik

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде 175 киши коронавирус жуктуруп алды, ал эми 295 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек шаары – 48;
  • Ош шаары – 2;
  • Чүй облусу – 41;
  • Ош облусу – 11;
  • Талас облусу – 7;
  • Нарын облусу – 7;
  • Ысык-Көл облусу – 31;
  • Жалал-Абад облусу – 12;
  • Баткен облусу – 16.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус аныкталган кишилердин саны 79 429га жетти.

Ал эми COVID-19дан сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда, төмөнкү жактарда катталды:

  • Бишкек шаары – 105;
  • Ош шаары – 6;
  • Чүй облусу – 68;
  • Ош облусу – 16;
  • Талас облусу – 8;
  • Нарын облусу – 6;
  • Ысык-Көл облусу – 49;
  • Жалал-Абад облусу – 22;
  • Баткен облусу – 15.

Ушуну менен жугуштуу ооруну жеңгендердин саны 73 300 болду.

Ал эми COVID-19 илдетинен сутка ичинде төрт адам көз жумган. Алардын бири Ысык-Көл облусунун, калганы Бишкек шаарынын тургундары болгон. Каза болгондордун жалпы саны 1 335ке жетти.

Ошондой эле стационарда 1 472 бейтап дарыланууда. Анын ичинде 22 адам канааттандырарлык абалда, 966сы орточо, 410у оор, 73ү өтө оор абалда.