Пресс-борбор

ЕАЭБ менен Кытайдын кызматташуусуна Кыргызстан ортомчу болуп бере алат

Шуваловдун айтымында, Кытай Кыргызстанга ири каражат инвестициялоого даяр. Бирок өлкөгө кирген каражат КРдин экономикалык суверендүүлүгүн сактап калгыдай болушу керек.
Sputnik

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Кыргызстан Кытай менен евразиялык интеграция процессинде негизги ортомчу болуп бере алат. Бул тууралуу "Туруктуу өнүктүрүү" форумунун уюштуруучу комитетинин төрагасы, "Евразия интеграциясы" эл аралык бирикмесин түзүүнү демилгелеген Юрий Шувалов Sputnik агенттигинде өткөн видеокөпүрөнүн алкагында билдирди.

Анын айтымында, евразиялык мамлекеттерге Кытай менен мамиле түзүү жеңил.

"Кыргызстан Кытай менен стратегиялык өнөктөш болуп саналат, бирок КЭР менен мамиле курууда биригиш керек. Кыргызстан негизги сүйлөшүүчү болуп бере алат, себеби Кытай республикага ири каражат инвестициялоого даяр. Бирок инвестициялар КРдин экономикалык суверендүүлүгүн сактап калгыдай болушу керек", — деди видеокөпүрөнүн спикери.

Ал ошондой эле "Бир алкак — бир жол" долбоорун туура ишке ашыруу Кыргызстан үчүн чоң пайда алып келиши мүмкүн экенин белгиледи.

"Бизде жалпы жонунан Евразия экономикалык мейкиндик Кытайдын "Бир алкак — бир жол" долбоору менен иштешүү зарылдыгы боюнча түшүнүк бар. Аны туура ишке ашыруу Кыргызстанга экономиканы тез көтөрүүгө мүмкүнчүлүк берет", — деди Шувалов.

Ал кошумчалагандай, КР экономикасын өнүктүрүү — бул жалпы Евразия шериктештигинин максаттарынын бири.