БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Бразилияда 17 жашка чейинки футболчулардын арасындагы чемпионаттын финалында "Атлетико Паранаэнсе" жана "Флуминенсе" командаларынын беттешинде массалык мушташ чыкты. Бул тууралуу Р-Спорт жазып, окуянын видеосун жарыялады.
Экинчи бөлүктүн соңку мүнөттөрүндө жөөлөшүп кетишкен эки футболчунун ортосунда чыр чыгып, бири-бирине кол көтөргөн. Чырга заматта алардын командалаштары жана алмашууда отурган оюнчулар да аралашып, массалык мушташка айланган.
Мушташкан футболчуларды эки команданын жетекчилери жана матчтын расмий адамдары кийлигишип токтотушкан.
Беттеш 2:1 эсебинде "Флуминенсе" командасынын жеңиши менен аяктаган.