Салыкчы Жылдызбек Турганбаев Оштун биринчи вице-мэри болуп дайындалды

Жаңы вице-мэр буга чейин Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиевдин кеңешчиси болуп иштеп жаткан.
Sputnik

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Жылдызбек Турганбаев Ош шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Бишкек мэринин орун басары алмашты
Тиешелүү буйрукка калаа мэри Таалайбек Сарыбашов бүгүн, 21-декабрда, кол коюп, эмгек жамаатына тааныштырган. Ал шаардын экономика тармагына жооптуу болот.

Турганбаев буга чейин Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиевдин кеңешчиси болуп иштеп жаткан.

Андан мурда Ноокат райондук салык кызматында, Ош шаардык салык кызматында жана түштүк региону боюнча салык кызматынын жетекчиси болуп эмгектенген.