Ошто жаңы курулган спорт комплекси пайдаланууга берилди. Сүрөттөр

Спорттук комплексте эки машыгуучу зал, жуунуучу, кийинүүчү бөлмөлөр бар. Биринчи зал жеке кармаш спорту менен машыгууга ылайыкташкан. Экинчи залда командалык оюндар өтөт.
Sputnik

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Бүгүн, 21-декабрда, Ош шаарынын Манас-Ата кичи районунда Иран өлкөсүнүн гранттык жардамына курулган жаңы спорт комплекси ачылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Спорттук комплексте эки машыгуучу зал, жуунуучу, кийинүүчү бөлмөлөр бар. Биринчи залы кыргыз күрөш, дзюдо, грек-рим, эркин күрөш, самбо, таэквондо, каратэ-до боюнча машыгууларга ылайыкташкан. Экинчисинде волейбол, баскетбол, кичи футбол боюнча машыгуулар жана мелдештер өткөрүлөт.

Спорт комплекстин короосунда да волейбол аянтчасы бар. Мындан тышкары, балдар ойноочу аянтча да курулган.

Ачылыш салтанатка Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Ирандын Кыргызстандагы элчиси Саид Харразиден баштаган расмий өкүлдөр катышты.