Матраимов мамлекетке жалпы 1 млрд. 223 млн. сом которгону айтылды

Матраимов Финансы министрлигинин экономикалык мунапыс үчүн ачылган бирдиктүү эсебине жалпы 19 жолу акча которгон. Ноябрдын соңуна чейин эки миллиард сом которушу керек болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов Финансы министрлигинин атайын эсебине жалпысынан 1 миллиард 223 миллион 511 миң 690 сом которду. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, акыркы ирет акча 18-декабрда түшкөн. Жалпысынан Матраимовдон мунапыс үчүн ачылган эсепке 19 жолу акча которулган.

Садыр Жапаров: УКМК Матраимовду камайын дегенде мен токтотуп калдым
Эске салсак, Матраимов 20-октябрда бажы тармагындагы коррупция боюнча айыпталып, УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган.

Кийинчерээк мамлекетке келтирилген эки миллиард сомдук зыянды ноябрдын соңуна чейин толтуруп берүүгө даяр экенин билдирип, 80 миллион сом которгону маалымдалган.

20-октябрда Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, сыртка чыкпоо тууралуу тил кат алган.