Кыргызстанда алтын экспорттоонун көлөмү өстү

Кыргызстанда өндүрүлгөн алтындын экспорту быйыл былтыркыга салыштырмалуу баасы жагынан да, көлөмү жагынан дагы өскөн.
Sputnik

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 10 ай ичинде Кыргызстан 855 миллион долларга алтын экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады. Салмак менен алганда 15 тонна 423,3 килограммды түзөт.

Баалуу металл толугу менен Улуу Британияга жөнөтүлгөн.

Ал эми былтыркы жылдын январь-октябрь айларында 652,5 миллион долларга 14 тонна 864,9 килограмм алтын сатылган.