Казакстан "Спутник V" вакцинасын өндүрө баштады

Россия вакцинасынын Казакстанда өндүрүлө башташына эки өлкөнүн президенттери Касым-Жомарт Токаев менен Владимир Путиндин ортосундагы келишим негиз болду.
Sputnik

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Казакстанда Россиянын коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын өндүрүү башталды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кыматына таянып Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Өлкөнүн премьер-министри Аскар Мамин дүйшөмбү күнү Караганда облусуна барып, вакцинаны чыгара турган фармацевтикалык комплекске ишти баштоого уруксат берди. Мындай кадамга эки өлкөнүн президенттери Касым-Жомарт Токаев менен Владимир Путиндин ортосундагы келишим негиз болгон.

"Спутник V" вакцинасы Казакстанда өндүрүлө баштады. Февраль айында даяр болуп, алгач ыктыярдуу негизде медиктер, педагогдор, полиция кызматкерлери, студенттер жана өнөкөт оорусу бар жарандарга сайылат. Бул жерде этабы менен вакцинанын 2 миллион дозасы жасалат", — деди Мамин.

Белгилей кетсек, россиялык адистер дүйнөдө биринчилерден болуп коронавируска каршы "Спутник V", андан соң "ЭпиВакКорона" вакцинасын иштеп чыккан. Кыргызстан дарыларды алып келүү боюнча Россия баштаган бир нече өлкө менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.