Казакстан 25-декабрдан тарта карантиндик чараларды күчөтөт

Өлкөнүн өкмөт башчысына адистер январь-февраль айларында курч респиратордук вирустуу инфекциялардын фонунда (КРВИ) коронавирус күчөшү мүмкүндүгүн эскерткен.
Sputnik

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Казакстанда 25-декабрдан тарта 5-январга чейин карантиндик чаралар күчөтүлөт. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин өкмөтүнүн сайтында жазылган.

Жекшемби күнү премьер-министр Аскар Мамин Казакстанда коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча мекемелер менен жыйын өткөргөн.

Анда беш регион: Атырау, Костанай, Павлодар, Түндүк Казакстан жана Акмола облустары илдеттин жогорку жана орто тобокелдик чегинде турганы айтылган. Ошондой эле январь-февраль айларында курч респиратордук вирустуу инфекциялардын фонунда коронавирус (КРВИ) күчөшү мүмкүндүгү эскертилген.

Азыркыдан да жугуштуу. Британияда коронавирустун жаңы штаммы пайда болду
Жолугушуудан кийин Мамин 2020-жылдын 25-декабрынан 2021-жылдын 5-январына чейин көңүл ачуучу, спорттук жана башка массалык иш-чараларга, анын ичинде жаңы жылдык кечелер менен майрамдык корпоративдерге тыюу салынарын жарыялаган.

Муну менен бирге коронавируска каршы дарылардын баасын орточо пайызда азайтууга тапшырма берген. Айрым класстардын окуучулары жарым сабагын аралыктан, жарымын үйдөн окумай болгон.