Айдоочу кишини сүзүп өлтүрүп алып, жашырынып автоунаасын оңдогон. Видео

Милициянын билдиргенине караганда, кишини койдургандан кийин айдоочу бамперин алмаштырып, ал эми сынган бөлүгүн киши жок жерге катып койгон.
Sputnik

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Чүйдүн Шопоков шаарчасында айдоочу кишини койдуруп кетип, өлтүрүп алгандан кийин кырсык болгон жерден из жашырган. Бул тууралуу Чүй облусунун ЖККББсынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жол кырсык аталган шаарчанын Биринчи май көчөсүндө болуп, анын кесепетинен 25-30 жаштагы жаран көз жумган.

Жол кыймылын көзөмөлдөгөн милиция шектүү адамды таап, ал Сокулук районунун 46 жаштагы тургуну экенин аныктаган. Ал адам өмүрүн алган кырсык болгон күнү Mercedes үлгүсүндөгү кичи автобус айдап жүргөн.

"Кишини сүзүп алгандан соң ал автоунаасын айдабай, бамперин алмаштырып, ал эми талкалангандарын баштыкка салып киши көрбөгөн жерге катып койгон", — деп айтылат маалыматта.

Шектүү айдоочу Сокулук райондук милициясына ишти андан ары териштирүү үчүн жеткирилген. Автоунаасы айып короого токтотулган.