Апта ирмеми: кыргызстандык балбандардын жеңишинен Аяз атага чейин

Sputnik

Түштүк Африкада коронавирус илдети жайылып кеткенине байланыштуу чектөөлөр киргизилип, пляждарда сууга түшүүгө тыюу салынган.

АКШ президенти Дональд Трамп Вест-Пойнттогу Аскер жана аскер-деңиз академиясынын командалары ортосундагы футболдук беттешти көрдү.

Пекинде (Кытай) Эл аралык оор атлетиканын (IWF) Beijing 2020 мелдеши өттү.

Москвадагы "Динамо" футбол клубунун оюн талаасы болгон "ВТБ Арена" борбордук стадиондо XXV "Золотой граммофон" улуттук музыкалык сыйлыгын тапшыруу аземи өттү.

Кыргызстандык балбандар Жоламан Шаршенбеков (грек-рим) жана дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова (кыздар күрөшү) Сербияда өткөн спорттук күрөштүн жекелик Дүйнө кубогу мелдешинде алтын медаль тагынышты.

Апта ирмеми: Илон Масктын жарылган ракетасынан ыш баскан Бишкекке чейин
Россиянын президенти Владимир Путин жыл сайын болуучу чоң маалымат жыйынын жаңы форматта, видеобайланыштарды пайдалануу менен өткөрдү.

Лондондо (Улуу Британия) COVID-19 илдетинин тарап жатканына байланыштуу катаал чектөөлөр киргизилди.

Россиянын Новосибирск шаарындагы "Дельфиния" океанография жана деңиз биология борборунда Аяз атанын кийимин кийген аквалангисттер аквариумдун жаныбарларына тамак беришти.

Англиянын Бристолунда сатыкка коюлган үйдүн наркы көчө сүрөткери Бенксинин "Апчхи" граффитисинен кийин 300 миң фунттан 5 миллионго чейин кымбаттаган.

1 / 20
Туристтер Австралиядагы Каррамбин пляжынын жээгиндеги бороон-чапкындан кийин пайда болгон калың көбүктүн үстүнөн басып жатышат
2 / 20
Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова күрөштөн Сербияда өткөн жекелик Дүйнө кубогу мелдешинин финалында латвиялык атаандашы Анастасия Григорьеваны так көтөрүп чаап жаткан учуру
3 / 20
Бразилиядагы соода борборунун биринде Аяз ата көбүктүн ичинен туруп балага салам жолдоп жатат
4 / 20
Пекинде (Кытай) өткөн Эл аралык оор атлетика федерациясынын мелдеши башталар алдында турган бодибильд-аялдар
5 / 20
Коронавируска байланыштуу сууга түшүүгө тыюу салынгандыктан, рикша саякатчыларды Түштүк Африканын Дурбан шаарында сейилдөөгө алып чыгууда
6 / 20
Белгород облусундагы Лебединский тоо-кен комбинатындагы темир рудасынын карьериндеги скважиналардын заряддарынын жарылган көрүнүшү
7 / 20
Футбол боюнча Россиянын Премьер-лигасынын 18-турунда Москванын ЦСКА жана Екатеринбургдун "Урал" клубдарынын беттешиндеги күйөрмандар
8 / 20
Чилинин пляжында күндүн тутулганын карап жаткан кыз
9 / 20
Кыргызстандын грек-рим күрөшүнүн балбаны Жоламан Шаршенбеков Сербияда өткөн жекелик Дүйнө кубогу мелдешинде алтын медаль утуп кубанып турган чагы
10 / 20
Владимир Путин жыл сайын болуучу ири маалымат жыйынын жаңы форматта, видеобайланышты пайдалануу менен өткөрдү
11 / 20
Европадагы эң бийик телемунаралуу Машук тоосу жана Пятигорск шаарынын тегерегиндеги булуттуу Бештау тоосу
12 / 20
Лондондун Сохо аймагында пабдар жабылгандан кийинки көчө майрамынан бир көрүнүш
13 / 20
Дональд Трамп менен Вест-Пойнттун курсанттары Аскердик жана аскер-деңиз академиясынын командаларынын футболдук беттешин көрүп жатышат
14 / 20
Александр Ревва Москвада өткөн XXV "Золотой граммофон" улуттук музыкалык сыйлык тапшыруу аземинде
15 / 20
Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектинин боюндагы сууктан улам бубак баскан бак-дарактар
16 / 20
Нью-Йоркто асмандан түшүп келе жаткан карды оозу менен тосуп турган кыз
17 / 20
Тоолуу Карабахтын Мартакерт шаарында өз үйүндө отурган адам
18 / 20
Англиянын Бристоль шаарында көчө сүрөтчүсү Бэнкинин үйдүн дубалына тарткан "Апчхи" аттуу жаңы эмгеги. Бул граффити сатыкка коюлган үйдүн наркынын эбегейсиз жогорулашына, 300 миң фунттан 5 миллионго чейин чыгуусуна себеп болгон.
19 / 20
Новосибирскидеги океанариумдагы Аяз атанын костюмун кийген дайвер
20 / 20
Москвадагы Жаңы Арбатта жаңы жылдык инсталляция