АКШ Түркиянын Россиядан алган С-400 комплекстеринен эмнеге коркуп жатат

АКШнын мамкатчысы Майк Помпео Түркия сатып алган россиялык С-400 комплекстери америкалык аскерлер үчүн кооптуу деп билдирди. Бул тууралуу ал Түркия ТИМинин жетекчиси Мевлют Чавушоглу менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатканда айткан.
Sputnik

Буга чейин АКШ дал ушул комплекстерди сатып алганы үчүн Түркияга санкция киргизгени маалым. Чектөө Түркиянын Коргоо өнөр жайы боюнча катчылыгына, анын башчысы Исмаил Демирге жана башка бир нече аткаминерге тиешелүү экени айтылган.

Москва жаңы санкцияларды АКШнын адилет атаандаштык жүргүзүүгө кудуретсиздиги деп баалады. С-400 АКШга кандайча коркунуч жаратып жатканын видеодон көрсөңүз болот.