Токмоктогу үрөй учурган жол кырсыктан 7 киши көз жумду. Видео

Социалдык тармакта автоунаалар бет маңдай кагышкан видео тарады. ӨКМ каргашадан жети киши көз жумганын билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Токмок шаарындагы айланма жолдо үрөй учурган жол кырсыгы болуп, жети киши көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Автоунаалар бет маңдай кагышкан видео "Короче" Telegram каналына жүктөлдү.

ӨКМ Volkswagen жана KIA үлгүсүндөгү автокөлүктөр Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 66-чакырымында сүзүшкөнүн билдирди.

Чаткал суусуна автоунаасы менен түшүп кеткен киши көз жумду
Министрликтин маалымат кызматынын айтымында, каргашадан үч эркек киши жана төрт аял каза тапкан. Мындан тышкары, төрт адам жабыркап, Тез жардам унаасы менен Токмоктогу ооруканага жеткирилген.

Окуя болгон жерге куткаруучулар, медиктер жана милиционерлер барган. Кырсык боюнча кенен маалымат азырынча жок. Чүйдүн Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы комментарий бере элек.