Талант Мамытов ноокендиктер менен жолугушууда. Сүрөт

Өлкө башчынын милдетин аткаруучу Талант Мамытов менен Ноокен районунун жашоочуларынын кезигишүүсү суроо-жооп түрүндө уланууда.
Sputnik

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Ноокен районунун тургундары менен жолугушуу өткөрүп жатат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Мамытов бүгүн, 20-декабрда, Жалал-Абад облусуна жумушчу сапары менен барган.

Ал ноокендиктерге мамлекеттик саясаттын актуалдуу багыттары, өлкөнүн жана аталган региондун социалдык-экономикалык маселелерин чечүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып берди.

Жолугушуу суроо-жооп түрүндө уланууда.