Радио

Бейшекеев: өрттөн каза болгондордун 90 пайыздан ашыгы түтүнгө уулангандар

Өрт өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын башчысынын орун басары, майор Азиз Бейшекеев өрт учурунда жарандар өзүн кандай алып жүрүүсү зарыл экендигин айтып берди.
Sputnik
Бейшекеев: өрттөн каза болгондордун 90 пайыздан ашыгы түтүнгө уулангандар

Өрттөн каза болгондордун 90 пайыздан ашыгы түтүнгө уулангандар. Бул тууралуу Азиз Бейшекеев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, адамдар үйдө түтүндүн жыты келе баштаганда терезе-эшикти ачпай, сыртка чыгып кетүүнүн аракетин көрүүсү зарыл.

"Өрт чыккан учурда анын видеосун социалдык тармактарга жүктөп коюу маалыматты жеткирүү болуп эсептелбейт. Жарандар кайсы жерде өрт чыкса дагы 101 номерине чалып, кырсык болгон жердин дарегин айтышы керек. Колдон келишинче кайсы жагынан кирсе болору, эмне өрттөнүп жатканы тууралуу көбүрөөк маалымат берип коюуга аракет кылуу зарыл. Анткени өрт кызматы үчүн ар бир секунда маанилүү. Анын үстүнө учурда курулуш материалдары өрттөнсө, уулуу түтүн бөлүп чыгара турган болуп калды. Эгерде үйдүн же имараттын ичин түтүн каптаса, жөрмөлөп сыртка чыгуу керек. Колдон келсе, терезе, эшикти ачпаш керек. Ошондой эле сыртка чыкканда дагы эшикти жаап койгон дурус. Себеби өрттүн тутанып кетишине кычкылтек эң биринчи себепкер. Биздин талдоолор боюнча, өрттөн көз жумду делгендердин көпчүлүгү түтүнгө уулангандар. Өрткө, жалынга күйгөндөр азыраак болот", — деди Бейшекеев.

Ал, ошондой эле, өрт чыккан учурда колдон келсе, биринчи кезекте үйдөгү балдарды жана кары-картаңдарды сыртка чыгарып жиберүү керектигин кошумчалады.