Коронавирусту 211 адам жуктуруп, эки бейтап көз жумду. Соңку статистика

Кыргызстанда коронавирусту жуктургандар 80 миңге жакындап, анын дээрлик көбү айыкты. Ал эми миңден ашуун бейтап ооруну жеңе алган эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирусту 211 киши жуктурса, ооруну 321 адам жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Акыркы суткада COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек — 64;
  • Ош — 6;
  • Чүй облусу — 56;
  • Ош облусу — 12;
  • Талас облусу — 3;
  • Нарын облусу — 4;
  • Ысык-Көл облусу — 50;
  • Жалал-Абад облусу — 10;
  • Баткен облусу — 6.

Жалпысынан өлкөдө жугуштуу ооруга кабылгандардын саны 79 122ге жетти.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:

  • Бишкек — 107;
  • Ош шаары — 8;
  • Чүй облусу — 112;
  • Ош облусу — 9;
  • Талас облусу — 13;
  • Нарын облусу — 8;
  • Ысык-Көл облусу — 26;
  • Жалал-Абад облусу — 19;
  • Баткен облусу — 19.

Ушуну менен коронавирустан 72 780 киши айыкты.

Белгилей кетсек, өткөн суткада COVID-19дан Бишкектен эки киши көз жумган. Жалпысынан каза тапкандардын саны 1 330га жетти.

Учурда стационарда 1664 бейтап дарыланууда. Анын арасында 21 кишинин абалы канааттандырарлык, 1 110у орточо оор, 449у оор абалда, 84ү өтө оор абалда жатат. Амбулатордук дарыланууда 2463 бейтап бар.