Яндекс 2020-жылы кайсы сөздөр көп изделгенин жарыялады

Интернет-порталдын аналитиктери акыркы он жылдан бери "жылдын сөзүн" аныктап келишет. Алсак, 2012-жылы "мультиварка" деген сөз популярдуу болсо, 2015-жылы "тверк" (бийдин бир түрү) деген сөздү көп издешкен.
Sputnik

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. 2020-жылы "Яндекс" издөө системасы аркылуу "карантин", "пропуск" жана "конституция" сөздөрүн эң көп издешкен. Бул тууралуу интернет-компаниянын маалыматына таянып РИА Новости кабарлады.

Ага ылайык, интернет-порталдын аналитиктери акыркы он жылдан бери "жылдын сөзүн" аныктап келишет. Алсак, 2012-жылы "мультиварка" деген сөз популярдуу болсо, 2015-жылы "тверк" (бийдин бир түрү) деген сөздү көп издешкен. Ал эми 2020-жылы "карантин" деген сөз көп колдонулган.

"2011-жылы колдонуучулар "Яндекс" интернет-порталынан планшет, купон тууралуу көп сурашкан. Андан кийинки жылы "мультиварка", "мем" жана "ультрабук" сөздөрүн көп теришкен. 2013-жылы "метеорит", "плейкаст" жана "промокод" деген сөздөр популярдуу болгон", — деп айтылат маалыматта.

2014-жылы Украинадагы окуялардан улам "майдан" деген сөзгө кызыккандар арбын чыкса, 2016-жылы колдонуучулар "Яндекс" порталынан "петиция", "вейп" деген эмне экенин сурашкан.

2017-жылы "майнинг", "криптовалюта", 2018-жылы "слайм", "каршеринг", 2019-жылы "рецессия", "люстрация" деген сөздөр популярдуу болгон.